• 87
  • 90.43
  • 0.88

Жакында кыргызстандыктар паспортторун онлайн ала алат

Коом 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. "Түндүк" системасына бир катар жаңы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев билдирди.

Анын айтымында, мекеме “Түндүк” системасы аркылуу калкка ыңгайлуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү багытында көп иштерди аткарууда.

“Биз жарандардын паспортторду онлайн түрдө алуусуна шарт түзүү үчүн тынымсыз иштеп жатабыз. Эгер жаран паспортун жоготуп алган болсо же алмаштыруу зарыл болгон учурда үйдө отуруп эле телефон аркылуу тартылган сүрөтүн жүктөө менен мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу арыз берип, паспортун ала алат. Мындай шартта Калкты тейлөө пунктуна келүү жана кезекке туруу зарылчылыгы жоюлат. Анткени бардыгын система өзү аткарат. Биз онлайн арыз берүүнүн негзинде даярдалган паспортту жарандын үйүнө жөнөтөбүз. Буга чейин туулгандагы тууралуу күбөлүктү онлайн алуу системасы ишке кирген. Бирок бул “Түндүк” порталында гана болуп, эми аны мобилдик тиркемеге киргизип жатабыз”, - деди Арсен Миңбаев

Департамент башчысы белгилегендей, чет өлкөлүк паспортторду да онлайн алуу ишке киргизилмекчи.

Ошондой эле Арсен Миңбаев жакында жарандарды онлайн каттоо функциясы ишке кирерин билдирди. "Ал үчүн "Түндүк" тиркемеси аркылуу жарандар арыз берип, кыймылсыз мүлктүн ээси аны тастыктоо менен бирге каттоого макулдук берет жана ал автоматтык түрдө бул үйгө катталат. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн ишке кирүүсү менен жарандарыбыз өз убакыттарын үнөмдөй алат", - деди ал.

Белгиленгендей, мында жеке маалыматтын купуялуулугуна, корголушуна байланыштуу эч кандай коркунучтар жаралбайт жана жеке маалыматтардын коопсуздугу жогорку деңгээлде сакталган.

Пикир

Оставить комментарий