Жакында Кызыл-Кыяда кагаз баштык чыгарган ишкана пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында кагаз баштыктарды жана каптарды жасаган муниципалдык ишкана алгачкы продукциясын сыноо иретинде чыгарды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана шаардык мэрия жана жеке ишкердин өнөктөштүгү менен түзүлдү.

Ишкананын жабдууларын сатып алууга республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каражаттан 4 млн 600 миң сом жумшалган.

Сыноо иретинде чыгарылган баштыктар шаар бийлиги тарабынан ишкерлерге сунушталып колдоо тапкан. Соода түйүндөрүнүн ээлери ар кандай көлөмдө жана дизайнда тапшырыктарды берүүдө.

Күнүнө 5 миң даана баштык чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ишканада 10го жакын жумуш орун түзүлөт.

Экологиялык жактан таза баштыктарын өндүргөн ишкананы түзүүнүн максаты - полиэтилен баштыктарды кагаз баштыктарга алмаштыруу менен калктын ден соолугун жана шаардын тазалыгын сактоо, жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджетти өстүрүү.

Өкүлчүлүк акыркы кезде айлана чөйрөнү коргоо талаптарына ылайык, кагаз баштыктарынын артыкчылыгына өзгөчө маани берилип жатканын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий