Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы курулуп жаткан 150 орундуу мектеп пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы сметалык баасы 84 млне 516 миң 332 сомду түзгөн аталган объекти республикалык бюджеттин эсебинен жана Мамлекеттик казына облигациялары тарабынан каржыланган.
"Мектеп заманбап шартта курулуп, эки кабаттан турат. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, тапшыруу алдында турат", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий