Жакында Нарында электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет

Аймак 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Июнь айынын аягында Нарында эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Нарын облусунун жетекчилиги менен Кытай компанияларынын узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин мүмкүн болду.

Күн мурун президенттин Нарын облусундагы орун басары Шабдан Абдырайым уулу, өкүлчүлүктүн Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Нурсултан Кубанов жана Кытайдын Кашгар шаарындагы "Сиганг синьцзянь гуожи маои" компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда чечүүчү сүйлөшүүлөр жүрдү.

Мототехникаларды чогулта турган завод "Нарын Эркин экономикалык аймагынын" субьектиси болуп катталып, Ат-Башы районунун Кара-Булак участогунда курулган "Кургак порт жана бондалык-логистикалык" борборунун аймагында жайгашат.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө 20-июнга чейин техникалардын сырьесу Кытайдан алынып келээри, уюштуруу иштери жүргүзүлөөрү жана июндун аягы менен завод ишке кирүүсү макулдашылды.

Жаңы завод жергиликтүү тургундарды кошумча жумуш орундары менен камсыздайт, бул аймактын иш менен камсыз болушун жана бакубаттуулугун бир топ жогорулатат.

Жаңы өндүрүш жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жардам берет, бул социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду көбүрөөк ишке ашырууга мүмкүндүк ачат.

Ошондой эле завод жергиликтүү жеткирүүчүлөр жана ишканалар менен кызматташып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий