Жакында Орто-Токой ГЭСин куруу иштери башталат

Экономика 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСинин курулушун баштоого болгон даярдык иштери менен таанышты.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Таалайбек Ибраев текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү жетекчилерге ГЭСти куруу иштерин баштоо аземин тез арада өткөрүү, ошондой эле негизги куруу иштерин бир жума аралыгында баштоону тапшырды.

Мындан тышкары, министр Балыкчы шаарында барып, күндөн кубаттуулук алуучу панелдердин убактылуу сакталып жаткан кампасына барып, жеринде маалымат алды.

Министр компаниялар тарабынан алынып келген панелдерди көрүү үчүн кампага барып, алардын сапаты менен таанышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Орто-Токой суу сактагычында ГЭСти куруу боюнча "Чакан ГЭС" ААКга министрлер кабинети тарабынан тапшырма берилген.

Тапшырмага ылайык, 2023-жылы март айында "Чакан ГЭС" ААК менен Кытай мамлекеттик China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын ортосунда долбоорду толугу менен ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык толук куруу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Курула турган ГЭСтин жалпы кубаттулугу 21 МВт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий