Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Ош – Каракол – Ош багыты боюнча аба каттамын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Эми Кыргызстандын түштүк аймагынын жашоочулары үчүн Каракол тоо лыжа курортуна тез жана ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
"Ош – Каракол – Ош багыты боюна биринчи катам 9-январда аткарылат. Учурда жаңы каттамга билеттер сатыла баштады. Баасы 4600 сомдон башталат. Жаңы каттам өлкөнүн түштүгү менен түндүгүнун ортосундагы транспорттук байланышты гана жакшыртпастан, ички туризмди өнүктүрүүгө да чоң салым кошот", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, каттам жумасына эки ирет - бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Эс алуучулар бир лыжаны же сноубордду учакта акысыз алып жүрө алышат.
Пикир
Оставить комментарий