• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто Дүйнөлүк банктын гранттык каражатынын эсебинен 5 долбоор ишке ашырылат

Аймак 0

Бишкек, 03.08.22./Кабар/. Ош шаарында Дүйнөлүк банктын гранттык каражатынын эсебинен Ош шаарында ишке ашырыла турган 5 долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, вице-мэр Жасур Азимов, КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоорунун өкүлдөрү жана долбоорлордун авторлору, тендерден утуп алгандар жана бир катар ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Бул долбоорлордун арасында:

1. Ак-Буура дарыясынын жээктерин реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу (2-этап);

2. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын оңдоо;

3. А.Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын тынч эс алуу аймагын куруу;

4. Т.Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

5. Борбордук аянтка өтмө фонтан куруу.

Жыйынтыгында даярдалган долбоорлор айрым оңдоолорду эске алуу менен шаардык мэриянын өкүлдөрү тарабынан жактырылды.

Бул долбоорлорго сунушталган өзгөртүүлөр жана сунуштар киргизилгенден кийин АРИС бир айдын ичинде курулуш иштерине тендер жарыялайт.

Эске салсак, Дүйнөлүк банк тарабынан Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга гранттык негизде 6,0 млн доллар бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий