Ош облусунун Ноокат районунда 31- октябрда узундугу 6 чакырымды түзгөн 4 тилкелүү жол реконструкциядан кийин колдонууга берилген.
Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.
Ноокат шаарын аралап өткөн Ош – Баткен – Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолу 4 тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуарлар 80 пайыз жасалды. Калганы 10-ноябрга чейин жасалып бүтөт.
Курулуш иштеринде 50гө жакын атайын техника иш алып барды.
Сүрөт жана видеону тарткан Исхак Туратбеков
Пикир
Оставить комментарий