• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жакында Жалал-Абад шаарында кыргыз-орус "Достук" паркы ачылат

Аймак 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Россия президентинин аппаратынын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков баштаган делегация курамы менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Облус башчысы Россия — Кыргызстандын, анын ичинде Жалал-Абад облусунун тышкы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы негизги өнөктөшүнүн бири экенин белгиледи. Өкүл жолугушуу Россия менен Кыргызстандын аймактарындагы ийгиликтүү кызматташууну улантууга жаңы дем берээрине ишеним артып, буга чейин аткарылган долбоорлорду атап өттү.

Жолугушуунун негизги максаты катары, ушул жылдын 26-октябрындагы Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата, Россиянын каржылык көмөгү астында курулган жаңы кыргыз-орус "Достук" паркынын ачылышы, ага карата даярдык чаралары талкууланды.

Тилек Текебаев "Достук" паркынын курулушу кызматташтыктагы маанилүү учур экенин айтып, анын ачылуу аземине карата жергиликтүү бийлик тарабынан түйүштүү жардамдар көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий