• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Жакынкы аралыкта вакцина сактоочу жаңы улуттук кампа салынат - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 25.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жакынкы аралыкта вакцина сактоочу жаңы улуттук кампа салынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы вакцина сактоочу 38 кампа, 217 музаткыч оңдоп-түзөөдөн өттү.

"Ал эми 2022-жылы 14 кампада оңдоо иштери жүргүзүлөт. Биздин улуттук кампабыз 90 куб метрди түзгөндүгүнө байланыштуу ал жетишсиз болууда. Жакынкы аралыкта жаңы улуттук кампа салынат. Учурда жер тандалды, тендер жарыяланып, курулуш иштери башталат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий