• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Жакынкы Чыгыштагы согуш 8 жыл ичинде 900 миллиард доллар зыян алып келди

Дүйнө 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү араб өлкөлөрүндөгү куралдуу чыр-чатактар олуттуу каржылык зыян алып келип, аймактагы кээ бир өлкөлөрдү экономикалык кыйроонун чегине жеткиргенин билдирди. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк банктын жетекчисинин биринчи жардамчысы Махмуд Мухиддин Кувейттин расмий кабар агенттигине берген маегинде, араб өлкөлөрүндөгү 2010-жылдан 2018-жылга чейин мезгил аралыгындагы куралдуу чыр-чатактар 900 миллиард доллар зыян алып келгенин билдирди.

Ал 2011-жылы Йемен, Сирия жана Ливиядагы “Араб жазы” деп аталган революциялык толкундун башталышы менен бул өлкөлөр куралдуу кагылыштарга күбө болгонун айтып, ал кагылыштар бул өлкөлөрдүн экономикасына жана инфраструктурасына олуттуу таасирин тийгизгенин билдирди.

Анын айтымында, араб өлкөлөрү киреше бөлүштүрүү боюнча дүйнөдө эң начар орунда турат. Бүткүл дүйнөлүк банктын эсептөөлөрү боюнча, араб өлкөлөрүнүн 10% калкы улуттук кирешенин 60% ээ. Бул көрсөткүч Европа өлкөлөрүндө 45% түзөт.

Махмуд Мухиддин кошумчалагандай, Бүткүл дүйнөлүк банк 2019-2020-жылдары мунайдын баррелине болгон баа 69-74 доллар бойдон калат деп күтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий