Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Бүгүн жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
ӨКМ шамал катталган учурда коопсуз жайларда болууну, кырсык катталганда "112" бирдиктүү кызматына токтоосуз чалууну эскертет. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Пикир
Оставить комментарий