• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жакынкы убактарда органикалык продукцияларды тастыктаган сертификат берилет

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-сентябрында, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Bioteam органикалык продуктыларды сертификациялоочу органдын жетекчиси Ахмет Тайар Доган жана Левент Алышыр менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ахмет Тайяр Доган бир катар КМШ, Европада, Азия органикалык продуктыларды сертификациялоо боюнча чоң тажрыйбага ээ. Ошондой эле Кыргызстанда атайын сертификаттоочу орган ачууну пландары менен бөлүштү.

"Биз ЕАЭБ өлкөлөрүндө органикалык стандарттардын өз ара таанылышын кабыл алышыбыз керек, кийинки кадам органикалык стандарттарды Европа Биримдиги, АКШ, Канада жана Корея өлкөлөрүнө таануу абзел", - деп белгиледи министр.

Министр Жаныбеков Кыргызстандын өсүмдүк өстүрүү тармагында эле эмес, мал чарбасында органикалык өндүрүштү өнүктүрүүдөгү потенциалы тууралуу айтты. Өз кезегинде коноктор Кыргызстанда органикалык түрдө өстүрүлүп, экспорттоло турган продукцияларды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий