• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жакырчылыктан чыгууга багытталган долбоорлор калктын жашоо деңгээлин көтөрүүдө – Абдразаков

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Жакырчылыктан чыгаруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилип жаткан кайтарымсыз каражат жашоону жакшыртуу чакан болсо дагы ишкердик кылуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине экономист Эркин Абдразаков билдирди.

Анын айтымында, мурда үй-бүлөнүн эски муздаткычы, телевизору же иштебеген унаасы, айыл чарба техникасы болсо, жакыр үй-бүлө деп эсептелчи эмес да мамлекет тарабынан жөлөк пул берилбей калчу.

“Буга чейин калкты жакырчылыктан чыгаруу аракеттери жүрүп, атайын программалар иштеп келген болсо да, натыйжа болгон эмес. Акыркы 3 жылда каржылык рычагдарды колдонуу менен жакыр деп эсептеген үй-бүлөлөрдү өзүнүн категориясына жараша бөлүп алып, жакындан жардам берүү багыты жолго коюлууда. Бул багытта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан бир топ жакшы иштер жүргүзүлүүдө.

Жакырчылыктан чыгуу үчүн жарандар кичинекей да болсо өз ишин баштап, долбоор жаза алышат. Жөлөк пул алып отура бербестен, колуңдан келген ишти сунуштап, белгилүү бир багытта ишкерлигин жүргүзүү үчүн мамлекеттен 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берүүдө. Бул үчүн арыз берген жаран бизнес планын жана долбоорун социалдык мекемеге алып келип, келишим түзүшү керек. Мунун өзүн алдыга жылуу десек болот, үй-бүлөсүнүн жакшы жашоосуна гана эмес, кошумча жумуш орундарды түзүшүүдө. Экинчиден, чыгарган продукциясын же болбосо көрсөткөн кызматтары аркылуу элге пайдасы тиет. Киреше таап, келечекке болгон умтулуусу, максаты ишке ашмакчы. Жакырчылыктан чыгууга багытталган мындай долбоорлор калктын жашоо деңгээлин акырындан көтөрүүдө”,- дейт Абдразаков.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдиргендей, министрлер кабинети “Социалдык келишим” долбоорун үч жыл мурда баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ишкердик кылуу үчүн 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берүүдө. Мындай каражатты 2023-жылы 10 миң үй-бүлө алган, 2024-жылы өкмөт бул максатта 2 млрд сом бөлдү, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы 3 миң үй-бүлөгө берилди. Быйыл жалпысынан 16 миң 770 үй-бүлө 100 миң сомдон алды.

Пикир

Оставить комментарий