• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Жал айылында Хусаин Исмановдун айкели салтанаттуу ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жал айылындагы "Жеңиш” аянтында Советтер Союзунун Баатыры, үчүнчү даражадагы “Даңк” орденинин ээси Хусаин Исмановдун 100 жылдыгына карата анын айкели салтанаттуу ачылды.

Иш-чарага Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, ардагерлер, коомдук ишмерлер, активисттер жана туугандары катышты.

Исманов Хусаин Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 7-классты аяктап, Аламүдүн районундагы “Жал” колхозунун айылдык кеңешинин катчысы болуп иштеген. 1943-жылы январь айында Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Запастагы полкто аткыч адистигин алган. 1943-жылдын октябрынан тартып 82-гвардиялык аткычтар дивизиясынын составында салгылашууларга катышкан. Украинадан фашисттерди кууп чыгууга катышып, Висланы кечип өтүп, Магнушев плацдармында салгылашып, Варшаваны бошотуп, Берлинди басып өткөн.

Акыркы убакта СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин органдарында иштеп, Талас шаарында жашап жүргөн. 1956-жылдын 28-сентябрында лейтенант Хусаин Исманов кызмат учурунда каза болгон.

Анын ысымы Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтындагы мемориалдык тактага жазылып, Кашка-Баш айылындагы өзү өскөн көчөгө ыйгарылды. Анын ысымы Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы храмында эскерилип, “Эскерүү жолу” мемориалында түбөлүккө сакталып калган.

Пикир

Оставить комментарий