• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жал айылындагы бала бакчада отказан ишке киргизилди

Коом 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Жал айылындагы “Жаңы уя” бала бакчасында жылуулук берүү үчүн көмүрдү толук кандуу күйгүзгөн отказан ишке киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, отказан кытай компаниясы менен кызматташтыктын негизинде пилоттук режимде орнотулду.

"Отказан ишке киргенде берилген жылуулуктун сапаты жогору болуп, от жаккандан чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмү аз болот. Мындан улам Бишкек жылуулук борборуна көмүрдүн сапаттуу күйүшүн ишке киргизүү боюнча жана отказандардын иштөөсүн жогорулатуу менен абага чыккан зыян газдарды азайтуу үчүн долбоор иштелип чыгууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий