Жал кичирайонунда көп тармактуу эс алуу аянтчасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.03.23./Кабар/. 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда курулган көп тармактуу эс алуу аянтчасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аземде сөз сүйлөгөн депутат Жаныбек Абиров аталган эс алуу аянтчасынын ачылышы шаар тургундары үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп: “Мурда бул жер эч пайдаланылбай, кароосуз калтырылып келген. Эми минтип, көп тармактуу эс алуу жайына айланып жатышы жакшы жышаан. Буйруса бул аянтчада бөбөктөрдөн баштап, улгайган жарандарга чейин эс алышып, түзүлгөн шарттар калктын саламаттыгын чыңдоого көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар депутат жылдан-жылга шаар тургундарынын саны өсүп жатканын белгилеп, ушундай аянтчаларды жана парктарды көбөйтүү керектигин кошумчалады.

Алсак, аталган долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов тарабынан демилгеленип, калаа бюджетинин эсебинен ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий