• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Жалал-Абаддын мэри шаардагы маданий мекемелердин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, мэр Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарындагы маданий мекемелердин абалы менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда облус башчысы менен калаа башчысы Жалал-Абад маданият техникумуна, Токтосун Тыныбеков атындагы филармониясына, Барпы театрына барышты.

"Мекеме жетекчилери калаа башчыга көйгөйлөрүн жеткиришти. Алсак, маданият техникумунун имараты эскилиги жетип, бөлмөлөр тар жана жетишсиз экендиги айтылды. Ушул сыяктуу көйгөйлөр филармония жана театрда да бар", - деп айтылат маалыматта.

Шаар мэри жогорудагы маселелерди чечүү жолдору карала турганын билдирди. Маданий мекемелердеги шартты жакшыртуу аракети көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий