Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 1-сентябрь күнү 20 муниципалдык мектеп биринчи класстын окуучулары үчүн эшигин ачат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар аралыктан окуп башташат.
Ошондой эле 1-сентябрдан тарта биринчи класстын окуучуларын ташуу үчүн автобустардын иштөөсүнө уруксат берилет. Азыр коомдук транспортторду дезинфекциялоо жүрүп, даярдык көрүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий