Жалал-Абад боюнча алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда — Туманбаев

Аймак 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда, жалпы 2 миң 744 батир. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

"Тааныш-билишти салып эч ким алдыңкы кезекке тура албайт, колунда барларга 3,4төн үй алганга жол бербейбиз. Президенттин тапшырмасы менен ипотекалык үйлөр буюрса чыныгы муктаждарга берилет", - деди ал.

Туманбаев мамлекет башчысынын демилгеси менен Бишкекте эле эмес, бардык аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу баштала тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий