• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абад маданият техникумунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад маданият техникумунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгын аныктады.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында техникумдун директору Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий