• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад мэри азык-түлүккө баанын жогорулашы боюнча ишкерлер менен жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) системасынын ишке ашырылуусу жана кырдаалга байланыштуу товарлардын бааларынын өсүшү боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри А.Раматиллаев, шаардык прокуратура жана салык кызматынын жетекчилеринин орун басарлары, монополияга каршы кызматынын жетекчиси жана ишкерлер катышты.

Жыйында калаадагы соода түйүндөрүндө, базарларда, стационардык соода объектилеринде, чарбалык ишмердүүлүк менен алектенген ишкерлерге, контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуунун артыкчылыктары боюнча тиешелүү адистер тарабынан маалыматтар берилди.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков салык төлөмдөрүн өз убагында төлөп, көмүскө экономиканы ачыктаган, ККМ аппараттары аркылуу соода жүргүзгөн ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле монополияга каршы күрөшүү кызматына күн сайын өсүп жаткан базар бааларын көзөмөлгө алуу жана негизсиз бааларды жогорулаткан ишкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүү жагын милдеттендирди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров “Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү” жөнүндөгү жарлыгын чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий