Жалал-Абад мэриясы: Бүгүндөн тарта Пушкин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Аймак 0

Бишкек, 29.04.23./Кабар/. Бүгүн, 29-апрелден тарта Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, Пушкин көчөсүнүн Ж.Бакиев жана Л.Бакирова көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы асфальт төшөө жумуштарына байланыштуу убактылуу жабылды.

Шаардык мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий