• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Жалал-Абад милициясы студенттер жана окуучулар менен иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы студенттер жана окуучулар менен иш алып барууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушууда студенттерге тоноо, уурулук, топтошуп мушташуу, эрте турмуш куруу, рекетчилик сыяктуу терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилип, бир катар социалдык видеороликтер көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, Жалал-Абад милициясы тарабынан жаңы окуу жылы башталганына карабастан мектепке барбай жүргөн окуучуларды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 50 миңден ашуун өспүрүм болсо, анын 15 миңден ашууну студенттер. Шаар аймагында 20 мамлекеттик мектеп, 10 жеке мектеп жана 4 жогорку окуу жайы бар.

Пикир

Оставить комментарий