• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облустук драма театрына жаңы жетекчи келди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы Кыргыз драма театрынын директору болуп Санжарбек Берикбаев дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду. Жаңы жетекчини театрдын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов тааныштырды.

Аталган театрды буга чейин Эмилбек Балтагулов жетектеп келген.

Санжарбек Берикбаев 1969-жылы 20-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында туулган. Буга чейин Жалал-Абад облустук маданият башкармалыгынын чарба жетекчиси болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий