• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жалал-Абад облустук филармониясынын 30 жылдык мааракеси белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Күн мурун Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Раимжанов катышып, филармония жамаатын куттуктады.

Аппарат жетекчи филармония 30 жыл аралыгында Жалал-Абад облусунун маданият тармагынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошконун белгиледи.

"Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер жана чыгармачылыкка болгон чексиз берилгендигиңиздер, элге эстетикалык ырахат тартуулап, кыргыз искусствосунун бай мурасы кийинки муундарга өтүп жатат. Баарыңыздарга мындан ары да бекем ден соолук, чыгармачылык бийиктиктерди каалайм!”-деди Ж. Раимжанов.

Белгилей кетсек, Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармония 1994-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюшулган.

Азыркы учурда анда КР Эл артисти Шахра Талипова, эмгек сиңирген артисттер Анарбай Райымканов, Токтомурат Осмоналиев, Маданияттын мыкты кызматкерлери Абдыкайым Ашимбаев, Туратбек Өмүрканов жана Алимбай Матов сыяктуу белгилүү өнөр инсандары эмгектенип келет.

Пикир

Оставить комментарий