• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Улукбек Сулайманов Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматын жетектейт

Аймак 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Улукбек Сулайманов Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматын жетектейт.

Облустук милициядан билдиришкендей, бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында ИИМдин буйругунун негизинде кызматка дайындалган жана атайын наам алган кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылды.

Белгиленгендей, Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары милициянын подполковниги Сагынбек Асанбековго кезектеги милициянын полковниги атайын наамы ыйгарылды.

Ошондой эле милициянын кенже лейтенанты Улукбек Сулайманов Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын улук инспектору кызматына дайындалды.

Кызматка дайындалган жана атайын наам алган кызматкерлерди Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Зарылбек Раимкулов куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек мурдагы Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдин Жээнтаев ардактуу эс алууга жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий