• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкери ардактуу эс алууга узатылды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын подполковниги Салимбай Матмусаев ардактуу эс алууга узатылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ал ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун кызмат өтөп, милициянын бир катар бөлүмдөрүндө эмгектенген. Салимбай Матмусаевге каалоо-тилектер айтылып, жаш кызматкерлерге үлгү болуп, акыл-насааты менен бөлүшүү керектиги белгиленип, калпак, чепкен кийгизилди. Өз кезегинде, ардактуу эс алууга узатылып жаткан ардагер Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамга ыраазычылык билдирип, ийгиликтер болуусун каалады.

Андан соң Республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде ийгиликтерге жетишкен ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери сыйланышты. Аларга кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды.

Ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлгөн спорттун “Кол күрөш” түрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында ИИМдин Ички аскерлеринин 704 Аскер бөлүгүнүн кызматкерлери ийгиликке жетишип, байгелүү орундарды камсыздашты.

Пикир

Оставить комментарий