• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги ардагерлерди куттуктады

Аймак 0


Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги ички иштер органдарында кызмат өтөгөн ардагерлерден кабар алды.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга облустук милициянын башчысы Марлис Асанов ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков менен биргеликте барды.

Алар ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун кызмат өтөгөн Муратбек Сооронбековду учурда эмгектенип жаткан окуу жайына барып куттукташты. Анда ага ИИМдин медалы жана акчалай белеги тапшырылып, каалоо-тилектер айтылды.

Ушундай эле жолугушуу кызматын кыргыз милициясына арнаган ички иштер органдарынын ардагери Муратали Абдиевдин үйүндө да өтүп, ага азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий