• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жалал-Абад облустук оорукананын курулуш иштеринин даярдыгы 33 пайызды түзөт

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы 100 орундуу корпусунун курулуш иштеринин даярдыгы 33 пайызды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Имараттын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылы башталган, объекттин наркы 77,1 млн сомду түзгөн. Подряддык уюм тарабынан жаңы имараттын пайдубалын орнотуу, дубалын тургузуу, плиталарын орнотуу иштери аткарылды.

Азыркы учурда чатырын орнотуу, ошол эле убакта ички электро-монтаждоо жумуштары, ички тосмолорду орнотуу, ички жана сырткы шыбак жумуштары, полдорду бетондоо, терезелерди орнотуу жана сырткы жылуулоо жумуштары жүрүп жатат.

Жалпысынан объекттин курулушуна 50 млн сом каржыланды. Оорукананын курулуш иштери ушул жылдын ноябрь айында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий