Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ооруканасына дагы 2 кычкылтек концентратору тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
"Тойбосс" адал азык компаниясы Жалал-Абад облустук ооруканасына 2 даана кычкылтек концентраторун берди. Бүгүн мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов компания өкүлдөрү менен жолугуп, концентраторлор ооруканага тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад шаардык мэриясы кайдыгер карабаган ишкерлерге ыраазычылык билдирет.
Пикир
Оставить комментарий