• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттын эсебинен 140 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Жалал-Абад облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 140,3 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул суммага 82 долбоор каржыланды:

  • Сузак району 7 объектисине – 18,3 млн сом;
  • Чаткал району 3 объектисине – 3,5 млн сом;
  • Аксы району 13 объектисине – 23,2 млн сом;
  • Тогуз-Торо району 11 объектисине – 12,4 млн сом;
  • Токтогул району 10 объектисине – 10,7 млн сом;
  • Ала-Бука району объектисине – 20 млн сом;
  • Ноокен району 10 объектисине – 19,8 млн сом;
  • Базар-Коргон району 4 объектисине – 8,6 млн сом;
  • Жалал-Абад шаары 11 объектисине – 16 млн сом;
  • Таш-Көмүр шаары 1 объектисине – 0,8 млн сом;
  • Майлуу-Суу шаары 3 объектисине – 7 млн сом.

Анын ичинен:

  • 18 мектепке – 27,4 млн сом;
  • 3 саламаттыкты сактоо мекемесине – 4,2 млн сом;
  • 40 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 75,9 млн сом;
  • 10 маданий маанидеги объектиге – 16,4 млн сом;
  • 7 бала бакчага – 8,5 млн сом;
  • 4 спорттук курулуштар – 7,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий