• 87
  • 91.29
  • 0.84

Жалал-Абад облусунда 14:00гө карата 128 миң 684 адам добуш берди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча саат 14:00гө карата 128 миң 684 жаран добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандар облус боюнча уюштурулган 452 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө катышууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадда 10 шаар жана 37 айылдык кеңеште шайлоо өтүүдө. Аймакта шайлоого карата 774 миң 638 жаран катталган. Мындагы жалпы мандаттардын саны 1197ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий