• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Жалал-Абадда адам укуктарын коргоо, ишкердикти колдоо аракеттери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда адам укуктарын коргоо, ишкердикти колдоо аракеттери күчөтүлөт. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу, аны Жалал-Абад облусунун аймагында жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аракеттери көрүлүп жатат.

Бул багытта облустагы район-шаарлардын, айыл аймак башчылары, жер адистери жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жетекчилеринин катышуусунда атайын жолугушуу өткөрүлүп, учурдагы көйгөйлөр, алдыдагы конкреттүү багыттар талкууланды.

Жыйынга ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Айбек Салиев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү Талгат Бузурманкулов, аталган бөлүмдүн түштүк аймагы боюнча өкүлү, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов катышты.

​Мында Жалал-Абад облусунун аймагында ар түрдүү кылмыштардын катталуусун алдын алуу, жарандардын мыйзамда кепилденген эркиндиктерин, коопсуздугун, ишкердигин коргоо, ички жана сырткы инвесторлорду колдоого алуу, бизнес жүргүзүүсүндөгү бут тосууларды болтурбоо боюнча сөз болду.

Алдыдагы убакытта да өлкө башчысынын жарлыгын ишке ашыруу, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тыгыз байланышта иш алып баруусун күчөтүү зарылдыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий