• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абад облусунда бир апталык «Режим» рейди өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11-16-май күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатындагы бир апталык «Режим» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүрүүдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, рейддин алкагында түнкү убакыттарда мобилдик топтор кызмат өтөөгө чыгышат. Алар түнкү эс алуу клубдарын, кафе-ресторандарды, компьютердик клубдарды, спирттик ичимдик ичип алып унаа башкаргандарды көзөмөлдөп, кайгулдоо багытында кызмат өтөшөт.

Күндүзгү убакыттарда базарлар, эл көп топтолуучу жайлар көзөмөлгө алынып, ИИОнун алдын алуу каттоосунда тургандар менен иш алып барылууда. Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандар, милиция тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча көзөмөлдө тургандар текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келип мыйзамсыз жашап жана иштеп жүргөндөр аныкталып, паспорттук эреже боюнча текшерилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий