• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда ККМ аппаратын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда контролдук-кассалык машиналар колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев облустук укук коргоо органдарынын башчылары, аким-мэрлер, райондук жана шаардык салык кызматтарынын жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусунун аймактарында ККМ боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин колго алуу, бирдиктүү терезе түзүү менен керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу, жумушун жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Ага катар кызматкерлерден жер-жерлерде салык эрежелерин аткаруу жана жакшыртуу боюнча сунуш пикирлерин сурады.

Облус башчысы укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийлик башчыларына интимдик кызмат көрсөтүүчү жайларды жана уюшкан кылмыштуу топторду болтурбоо боюнча бир катар тапшырмаларды берип, чогу иш алып барууну милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий