• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунда жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларындагы жалпы 1 миң 160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү, сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.

Аталган үй-бүлөлөргө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык ӨКБнүн офицердик курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери жүрүүдө.

"Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып, бирок дагы да коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп, сот органдарына өткөрүп берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий