• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен облустун аймагындагы суу сактагычтарда мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан 2024-жыл ичинде балык запастары боюнча 12 жарандан 41 миң 203 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлгөн. Мындан сырткары, 47 жеке жана юридикалык жактардан 104 миң 500 сом айып пул алынган.

Ушул жылдын 20-январына чейин Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда 2500 метр синтетикалык торлор чогултулуп, жокко чыгарылды. Ошондой эле үч жаранга айып пул салынды.

Бул аракет КР министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмесин бекитүү жөнүндө", "Балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды жок кылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомдорун ишке ашыруу максатында колго алынууда. Текшерүү иштери дагы да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий