• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 22-сентябрда саат 22:07де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 балл, Ак-Тектир , Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чон-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий