• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-майда саат 18:46да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер силкинип, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жар-Кыштак, Сузак айылдарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий