• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Бүгүн саат 15:25те Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга (Жетиген айылынан 8 чакырым түштүктө, Чалдыбар айылынан 9 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий