• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жалал-Абад облусунун башчысы дүйнө чемпиону болгон Асан Жанышовду куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев ушул жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Испанияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча 20 жаштагы спортчулар арасында дүйнө чемпиону болгон Асан Жанышовду куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы Асан Жанышов, анын атасы жана машыктыруучуларына белектерин тапшырып, спортчунун жараткан жеңиши Жалал-Абад облусунун, жалпы өлкөнүн намысын коргогон жакшы натыйжа экенин белгилеп, алдыдагы ийгиликтерди каалады.

Ошол эле учурда спортчунун жетишкен жеңишинин артында ата-энесинин жана машыктыруучуларынын эмгеги чоң экенин айтып, ыраазычылык билдирди.

Асан Жанышов Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу.

Грек-рим күрөшү боюнча КР улуттук курама командасынын мүчөсү, эл аралык класстагы спорт чебери. Үч жолку Азия чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий