• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун башчысы Өзбекстан элчиси менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда бардык багыттар боюнча көп тармактуу кызматташуу алакалары, социалдык-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өкүл Абсаттар Сыргабаев эки өлкө башчыларынын алгылыктуу демилгелерин иш жүзүнө ашыруу максатында, кызматташтык аракеттери мындан ары да бийик деңгээлде уланышына ишеним артарын белгиледи.

Жолугушууда ушул жылдын октябрь айында өтүүчү Өзбекстандагы президенттик шайлоо өнөктүгү боюнча сөз жүрүп, анда Жалал-Абад облусунун аймагындагы коңшу өлкө жарандарына добуш берүү укугун камсыздоо иштеринин жүрүшү боюнча айтылды. Элчи алдын ала көчмө шайлоону уюштуруу, добуш берүүнү Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайдын базасында өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Өкүл Жалал-Абад облусунда президенттик шайлоодо добуш берүүгө керектүү бардык шарттар түзүлөрүн айтты. Уюштуруу жана коопсуздук чаралары да камсыздаларын белгилеп, шайлоо тынч, стабилдүү өтүүсүнө тилектештигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий