• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абадда жаңы окуу жылынын башталышына карата коллегиялык жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев облус аймагындагы мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча коллегия өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга район-шаарлардын башчылары, алардын орун басарлары, билим берүү бөлүмдөрүнүн жана тийиштүү тармактардын жетекчилери катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл акыркы жылдары облустагы билим берүүнүн абалы төмөндөгөнүн эскертип, 2023-2024-жаңы окуу жылында билим сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулаарын айтты. Мындагы кемчиликтердин үстүндө кызматкерлерге күчөтүлгөн тартипте иштөөнү милдеттендирди.

Абсаттар Сыргабаев мектептердеги жалпы чарба иштерине жергиликтүү бийлик, билим берүүнүн сапатына мектеп директорлору жана билим берүү бөлүмүнүн башчылары жооптуу болоорун баса белгиледи. Ага катар мугалимдерди жайкы эс алуу учурунда мектептердеги утурумдук ремонт иштерине тартпоону эскертип, жумуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле жыйында жаңы окуу жылына карата даярдыктарды караган коллегияда мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 484 мектеп бар. Анын ичинен 468и мамлекеттик, 16сы жеке менчик мектептер. Мындагы окуучулардын жалпы саны 262 миңге жакынды түзүп, 17 миң 200дөн ашуун мугалим эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий