Жалал-Абад облусунун делегациясы Намангандагы эл аралык гүлдөр фестивалына катышты

Аймак 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Максат Сыдыков баштаган делегация Өзбекстандын Наманган облусундагы 63-эл аралык гүлдөр фестивалына катышты.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, делегациянын курамында бир катар район-шаарлардын башчылары жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери бар.

Фестивалдын расмий ачылуу аземине 40тан ашуун өлкөдөн келген гүл сүйүүчүлөр катышты.

Фестивалдын алкагында Наманган шаарындагы “Захириддин Мухаммад Бабур” жана “Афсона” бактарына 45 млн түп гүл көчөттөрүнүн түрлөрү эгилип, кооздолгон. Ошондой эле 200дөн ашуун гүл менен кооздолгон автоунаалар парады өттү. Салтанат концерттик программа, оюн-зоок жана жарманкелер менен коштолду.

Белгилей кетсек, 19-майда башталган гүлдөр фестивалы 23-июнга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий