• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Ата айылындагы жаңы окуу корпусунун курулушу 65%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кызыл-Ата айылындагы Ы.Чангылов атындагы мектептин окуу корпусунун курулушу 65%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда объектте окуу корпустун, спорттук жана акты залынын чатырдын орнотуу жумуштары аяктап, сырткы дубалдарды базальт менен жылытууну орнотуусу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул окуу корпусу 225 орунга эсептелип, анын курулушу Сауд арабиялык өнүгүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Аталган билим берүү объектилеринин сметалык наркы 705 438 АКШ долларын түзөт, ага 382 414 АКШ доллары каржыланды. Курулуштун аяктоосу 2021-жылга пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий