• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

"Жалал-Абад" санаториясында "А-фрейм" тибиндеги коттедждер ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бүгүн "Жалал-Абад" санаториясында курулган жаңы, заманбап үлгүдөгү төрт "А-фрейм" тибиндеги коттедждеринин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана санатория жамааты катышты.

Облус башчысынын орун басары кызматкерлерди куттуктап, окуя санаторийдин өнүгүүсүндөгү дагы бир кадам экенин белгиледи.

Максат Сыдыков, акыркы жылдары өлкөдөгү ири реформалардын алкагында, “Жалал-Абад санаториясында” да инфраструктуралык шарттарды жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын айтты. Бул аракеттер санаторийге келген меймандарды ыңгайлуулугу жана жайлуулугу менен кубантаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, “Жалал-Абад" санаториясы 1887-жылдан тарта иш алып барып келет. Өткөн жылы 12 миң 298 эс алуучуну кабыл алып, жалпы 142 млн сомго жакын киреше менен чыккан.

Пикир

Оставить комментарий