• 87
  • 90.43
  • 0.88

Жалал-Абад шаардык кеңешинде коомдук транспорттук каттамдардын иштөө тартиби каралды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары кеңейтилген жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар, тийиштүү мекеме -ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында коомчулук арасында нааразычылык жараткан бир катар кичи маршруттук автобустардын иштөө тартиби, эл өкүлдөрү тарабынан сынга алынып, аны чечүүнүн жолдору каралды. Натыйжада, мектеп окуучуларын негизсиз салбай кеткен айдоочуларга жана кечки каттамды үзгүлтүккө учураткан ЖЧК жетекчилерине эскертүүлөр берилери айтылды.

Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси А.Абдыкаарова жүргүнчүлөр менен айдоочулар ортосундагы мамилени жакшыртуу боюнча иштерди алып барарын билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 280 кичи маршруттук автобус болсо, бир күндө 149 маршруттук автобус каттамга чыгат.

Пикир

Оставить комментарий