Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Караколго иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Каракол шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү Каракол шаардык кеңеши тарабынан уюштурулган “Жети дубан достугу” иш-чарасына барды.

Аталган иш-чара шаардык кеңештер ортосундагы ынтымакты бекемдөө, ар тараптуу кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана ротацияланган кызматкерлердин ишине көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Иш сапарынын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Каракол шаарынын социалдык-экономикалык абалы, шаардык кеңеш тарабынан аткарылган иштер, муниципалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып, жети дубанды ынтымакка чакырган маданий жана спорттук мелдештерге катышты.

Эске салсак, 2022-жылдын 15-16-июль күндөрү Ош, Баткен, Нарын, Каракол жана Талас шаарларынын эл өкүлдөрү Жалал-Абад шаарына жумушчу сапары менен келген болчу.

Пикир

Оставить комментарий