• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары базарлардагы курулуштар менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары муниципалдык базарлардагы курулуштар менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык кенештин өнөр жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары муниципалдык унаа базардын жана муниципалдык "Курулуш маркет" базарынынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыкты.

Учурда унаа базарда бастырмалардын чатырлары жабылып, кирип-чыгуучу жайына электрондук шлагбаум коюу жумуштары калды. Ал эми муниципалдык “Курулуш маркет” базарынын ар тарабындагы имараты толугу менен базарга ылайыкталып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий